15

Сентябрь

2023

Баткен коогалаңында курман болгон Тилек Жаныбай уулу эскерилди

Бүгүн 15-сентябрда Бакай ата районунун Кыргызстан айылындагы Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинде Баткен коогалаңында курман болгон Тилек Жаныбай уулун эскерүү митинг реквиеми болуп өттү.
Эскерүү иш чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова катышты.
Мира Сейдикеримова өз сөзүндө: “Өз элин коргоп жатып баатырларча курман болгон Тилек Жаныбай уулу биздин эс тутумубуз жана сыймыгыбыз. Анын эрдиги кийинки муундарды мекенчилдикке тарбиялоонун үлгүсү” деди.
Белгилей кетсек, Тилек Жаныбай уулу 1996-жылы Талас шаарынын Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында төрөлгөн. 9 жыл бою Баткен шаарында чек арада кызмат өтөп келген.  Ал 2022-жылы Баткен коогалаңында баатырларча курман болгон.