23

Август

2023

Нурлан Дарданов, ар кандай маселе менен кайрылган жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 23 августта  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, ар кандай маселе менен кайрылган жарандарды кабыл алды.
 Жалпысынан 24 жаран облус жетекчисине жолугуп өздөрүнүн маселелери боюнча тийиштүү жоопторду алды.
Негизинен жарандар социалдык маселелер, жумуш орду менен камсыз кылуу, бир жолку жардам алуу,  маселелери менен кайрылды.
Ыйгарым укуктуу өкүл Нурлан Дарданов, жарандардын көйгөйүн угуп аларды чечип берүү максатында тийиштүү мекемелерге жана өкүлчүлүктүн аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын  Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу   өкүлүнүн    аппаратына    2023-жылдын    январь-август   айларында, өкүлдүн  жеке  кабыл алуусуна 163 жаран кабыл алынып, 83 жаранга оозеки түшүндүрмөлөр берилген. 80 жаранга жеке карточкалар түзүлүп, көзөмөлгө коюлган.
Жарандарды жеке маселелери менен кабыл алууда катталган 80 жеке карточкалардын ичинен толук чечилгени 22, жарым  жартылай чечилгени 4, түшүндүрмө берилгени 35, тийиштүү мекеме-уюмдарга жөнөтүлгөнү 16.
Мындан тышкары учурда 11 жарандын жеке карточкасы  аткарууга алынган.