30
Август
2023
Нурлан Дарданов, Манас районундагы ишке кирүү алдында турган ишканалардан кабар алды
Бүгүн 30-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Нурлан Дарданов, Манас районундагы ишке кирүү алдында турган ишканалардан кабар алды.
Алгач облус башчысы Покровка айылында жайгашкан цементтен жасалуучу материалдарды (лоток, плита, бетон карагайлар) чыгаруучу заводдун иши менен таанышты.
Завводун курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталып, азыркы тапта 1- агрегаты толук бүтүп ишке берилүү алдында турат.
Ишкананы курууга жалпысынан 20 миллион сом сарпталган. Завод сентябрь айынын башында ишке берилип 30 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылуусу күтүлүүдө.
Андан соң, облус башчысы Кызыл-Жылдыз айылындагы нан чыгаруучу ишкананын иши менен таанышты. Ишкананы курууга 9 миллион акча каражаты сарпталып нандын 12 түрүн чыгарууну көздөөдө.
Ишкана сентябрь айында ишке берилип 15 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылат.
Нурлан Дарданов, жаңы жумушчу орундарын түзүү негизги приоритеттүү багыттаардын бири экенин белгилеп мамлекеттик мекемелер жеке ишкерлерге ар тараптуу колдоо көргөзүүсү зарыл экенин айтты.