30

Август

2023

Май айылында мектептин кошумча имаратынын ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн 30-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Нурлан Дарданов, Манас районунун Май айылындагы Шабданбек Кочкорбаев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын ачылыш аземине катышты.
Облус башчысы жергиликтүү тургундарды, билим берүү кызматкерлерин жана мектеп окуучуларын жаңы мектептин кошумча имаратынын ачылышы менен куттуктап, ар бир жаңы ачылган  мектеп - мамлекет тарабынан билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган улуу жол экендигин  айтты.
Белгилей кетсек, 320 орундуу Шабданбек Кочкорбаев атындагы  орто мектеби 2018-жылы  ишке берилген.  Калктын демографиялык санынын  өсүшүнө байланыштуу, бүгүнкү күндө  аталган мектепте  826 окуучу билим алууда.
Андыктан мектепке кошумча корпус куруу маселеси каралып 2022-жылы курулуш иштери башталган. Мектептин кошумча корпусунун курулушуна түрткү берүүчү гранттан,  Манас райондук өнүктүрүү фондунан жана  жергиликтүү бюджеттен  жалпысынан 7 миллион 659 миң 998 сом жумшалган.