31

Август

2023

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбековичтин Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу:

Урматтуу агайын туугандар!
Кадырлуу калайык калк!
  Сиздерди, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык мааракеси менен ак дилимден куттуктайм!
Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо, сактоо ар бирибиздин ыйык парзыбызы болуп саналат.
Элибиз, эзелтен эле өзүнүн ак пейилдүүлүгү, даанышмандыгы, калыстыгы жана ажалга тике караган баатырдыгы менен башка улуттардан өзгөчөлөнүп келген.
Улутубуздун тарыхына, маданиятына салт-санаасына урмат көрсөтүү, ата-бабалардын жолун жолдоп алардын элесине таазим этүү ар бирибиздин парзыбыз.
 Азыркы милдетибиз - мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, экономиканы алга сүрөп, демократиялык коомду өнүктүрүү. 
Биз эгемендикти көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүүнү негизги максатыбыз катары белгилейбиз.
Келечекте күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек. 
Ак ниетибиз, адал эмгегибиз менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга ар бириңиздерди салым кошууга чакырып кетмекчимин! 
Ушул кубанычтуу күнү, ар бириңиздерге үй-бүлөлүк бакыт, чың ден-соолук, узун-өмүр, бейпил турмуш каалайм!
 Күнөстүү Мекенибиздин чамгарагы бийик болуп, түбөлүгү түз болсун!