08

Сентябрь

2023

Талас облусуна Кара-Кече көмүрү ташылып баштады

Бүгүн 8-сентябрда  Кара-Кече  көмүр кенинен  300 тонна көмүр  ташылып келип, Талас шаарындагы көмүр отун базасына түшүрүлдү. Кара Кече  көмүрүнүн  баасы  Талас шаарында  1 тоннасы 5600 сомдон сатылып баштады.
Ал эми, райондорго кийинки келген каттамда буйрутма болуп калса, Талас районунда 5600 сом, Бакай-Ата районунда 5700 сом, Айтматов жана Манас райондорунда 5900 сомдон  көмүр базаларына жеткирип  берүү пландалган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Талантбек  Эдилов,   калкты  арзан көмүр менен камсыз кылуу  жазга чейин уланарын белгилеп   жалпы элди  күн жылуу мезгилде  көмүр отунун  камсыздап алууга чакырды.
Белгилей кетсек,  калкты  жеткиликтүү баадагы көмүр отуну   менен камсыз кылуу   Кыргыз  Республикасынын Президентинин  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү Нурлан Дардановдун  демилгеси   жана  көзөмөлү менен  ишке ашууда.