31

Август

2023

Талас шаарында эгемендүүлүк күнү белгиленди

Бүгүн 31-августта Талас шаарынын борбордук аянты 31-август-Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн 32 жылдыгы белгиленди.
Салтанаттуу иш чарада Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Облус башчысы Нурлан Дарданов өз сөзүндө: “ Азыркы милдетибиз - мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, экономиканы алга сүрөп, демократиялык коомду өнүктүрүү. Биз эгемендикти көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүүнү негизги максатыбыз катары белгилейбиз. Келечекте күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек” деди.
Майрамдык иш чарада ар кайсыл тармактын алдыңкы кызматкерлери ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн Ардак Грамотасы жана "Ыраазычылык каты" менен сыйланды.
Майрамдык иш чара Талас облусунун маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.