25

Август

2023

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары дайындалды

 Бүгүн, 25-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Талас облусунун жетекчилик курамы жана активи менен жыйын болуп өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жаркынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун №24 Тескемеси менен тааныштырды.
Ага ылайык, Эдилов Талантбек Расабекович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары болуп дайындалганы маалым болду.  
 Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талант Эдиловдун иш тажрыйбасы  менен тааныштырып, анын облустун коомдук-саясый турмушундагы  активдүүлүгүн белгилеп  ишине ийгилик каалады.