24

Июль

2023

Жасалган жумуштарга баа берилип, кемчилик кетиргендерге чара көрүлдү

24-июлда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустук коллегиянын кезектеги жыйыны өткөрүлүп,  Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын 6 айындагы жыйынтыктары жана КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын аткарылышы тууралуу маселелер каралды.  

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары А.Сапаров жана Э.Садыкова тарабынан 6 ай ичинде аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берилип, айрым кемчиликтер белгиленди. 

Отурумда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов 6 ай ичинде жасалган олуттуу жумуштарга токтолуп өттү. Облус жетекчиси белгилегендей, Нарында үстүбүздөгү жылдын 6 айында пилоттук негизде административдик-аймактык реформа толугу менен ишке ашты. 63 айыл өкмөтү ирилештирилип 27 айыл өкмөтү түзүлдү. Бул айыл өкмөттөргө өнүгүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 10 миллион сомдон каражат жана кызматтык автоунаалар берилет жана ирилештирүүдөн үнөмдөлгөн 113 миллион сомду 3 жылга калтыруу жагы жогору жактан суралууда. Буюрса бул долбоор республикабыздын башка аймактарына жайылтылганы турат. Мындан сырткары Министрлер Кабинетинин №713-токтомунун негизинде жайыттарды, ичүүчү, сугат сууларын пайдалануу жана тазалык үчүн акылар айыл өмөттөрүнүн бюджетине чогултулуп,  жергиликтүү маселелерди чечүүгө каражат пайда болду. 

"Солтон-Сары" алтын кени ишке кирип, 314 адам жумуш менен камсыз болду. Анын 216сы жергиликтүү тургундар. Ошондой эле “Куланак” ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Кочкор районундагы “Ренессанс” бут кийим фабрикасы кайрадан ишке кирди.

 Нарын шаарында 9 кабаттуу 216 батирлүү ипотекалык үйдүн курулушу башталаар алдында турат. Жолдор жасалып жатат. 

Медицина тармагына көңүл бурулуп, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу жана төрөт бөлүмдөрүндө капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү. Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун эски имаратынын ордуна жаны имараттын долбоору даярдалды. Ыйгарым укуктуу өкүл А.Эргешовдун демилгеси менен Кыргызстанда биринчи жолу Нарын облусунда ваучердик окутуу системасы тажрыйбаланып, 25 студентти “Тенир Тоо” фондунун эсебинен медициналык академиядан окутуу иши колго алынды. Ошондой эле С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине медициналык факультет ачылып жатат. 

6 ай ичинде Түштүк Корея, Өзбекстан, Кытай Эл Республикалары менен эл аралык мамиле бекемделип, инвестиция тартуу, туризм тармагын жакшыртуу, логистика, бондалык зона багытында келечектүү иштер башталды. 

Облус жетекчиси А.Эргешов Нарын облусун өнүктүрүү багытындагы бардык демилгелерди колдоп жаткан Президентке, Өкмөткө элдин атынан ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул жумуштарды ишке ашырууга катышкан команданын, бардык кызмат адамдарынын эмгегин баса белгиледи. 

Коллегиянын отурумунда кемчиликтерге да басым жасалды. Алсак, өнөр жай продукциясын өндүрүүдө Нарын шаардык мэриясы тарабынан жетиштүү иш алып барылбагандыгы, республикалык бюджеттин аткарылышында Жумгал, Кочкор райондору жана Нарын шаары план-тапшырмаларды аткара абай калганы, салыктарды жыйноодо, энергетика тармагындагы бөлүнгөн лимитти сактоодо, тазалык полигондорун уюштурууда, мамлекеттик токой фондусунун жерлерин пайдаланууда, токой тилкелеринин жана отургузулган көчөттөрдун өндүрүмдүүлүгүндө, ысырапкорчулукту жоюуда  бардык райондордо кемчиликтер орун алганы айтылды. 

Ошондой эле Ат-Башы районунан башка бардык райондордо билим сапатын аныктаган көрсөткүчтөр начар экени белгиленди. 

Коллегиянын токтому менен Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басарына, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарына, Ат-Башы районунан башка бардык райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына кызматтык чара көрүү сунушталды. 

Ошондой эле Нарын облустук усулдук билим берүү окуругунун башчысынын, Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын, Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызмат абалын чечүү боюнча сунуш берилди. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.