03

Июль

2023

Нарындагы жол тейлөө ишканалары автоунаалар менен камсыз болду

Нарындагы жол тейлөө ишканаларына КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан HOWO үлгүсүндөгү 9 даана өзү жүктөөчү автоунаа берилди.

Облус жетекчиси А.Эргешов техникалардын акжолтой болушун тилек кылып, жасалып жаткан жолдордун сапатына көнүл бурууну  жакшы кароону “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарындагы филиалынын жетекчиси Калысбек Базаровго тапшырды.