27

Март

2023

Абсаттар Сыргабаевдин район-шаарларда эл менен жолугушуусу өтөт

Ушул жылдын 3-апрелинен 11-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин эл менен жолугушуулары өтөт.

Жолугушуулар облус аймагындагы   жарандардын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт. Жыйынга бардык облустук  мекеме-ишканалардын жетекчилери катышат. Анда өкүлдүн 2022-жылдын апрель айында эл менен болгон жыйынында көтөрүлгөн көйгөйлөрүн аткарылышы тууралуу маалымат берилет.

Жолугушуулардын графиги төмөндөгүдөй:

1.Токтогул району, 3-апрель, саат 10:00, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

2.Кара-Көл шаары, 3-апрель, саат 15:30, шаардык маданият үйүнүн имараты.

3.Таш-Көмүр шаары, 4-апрель, саат 10:00, шаардык маданият үйүнүн имараты.

4.Майлуу-Суу шаары, 4-апрель, саат 15:30, шаардык маданият үйүнүн имараты.

5.Ноокен району, 5-апрель, саат 10:00, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

6.Базар-Коргон району, 5-апрель, саат 15:00, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

7.Сузак району, 6-апрель, саат 10:00, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

8.Жалал-Абад шаары, 6-апрель, саат 15:30, облустук Барпы театры.

9.Чаткал району, 10-апрель, саат 10:00, райондук маданият үйүнүн имараты.

10.Ала-Бука району, 11-апрель, саат 10:00, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

11.Аксы району, 11-апрель, саат 15:30, райондук маданият үйү.

12.Тогуз-Торо районундагы эл менен жолугушуу май айында өтөт.