21
Март
Жалал-Абадда Нооруз майрамы белгиленди
Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик, мекеме-ишканалардын жамааттары жана тургундар катышты.
Облус башчысы жаздагы жаратылыштын жаңылануусу, адам баласы менен табияттын тыгыз байланышын эске салган Нооруз майрамы менен жалпы тургундары куттуктады.
-"Бул күн тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Кыштын суугун артка калтырып, жергебизге жаз келди. Байыркы ата-бабаларыбыз жер планетабыздын жашоосунда кезектеги жаңы жылдын келишине өзгөчө маани беришкен. Күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, күжүрмөн эмгек күчөйт.
Баарыңыздарды дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул жылдагы табияттын жаңылануусу дыйкандарыбызга мөл түшүм, ар бир үй-бүлөгө ырыскы алып келсин!"–деди А. Сыргабаев.
Нооруз майрамындагы салтанат театралдаштырылган көрүнүш, улуттук оюн-зоок, концерттик программа жана көргөзмө жарманке менен коштолду.