15

Март

2023

Жалал-Абаддагы 100 мектеп өрт өчүрүү жана медициналык шаймандар менен камсыздалды

Бүгүн Жалал-Абад облусунун район-шаарларындагы 100 мектепке өрт өчүрүү жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө керектелүүчү шаймандар алынып келинди. Алар ЮНИСЕФтин "Коопсуз мектептер" долбоорунун алкагында каржыланып, жеткирүү жагы Кызыл Ай коомунун облустагы кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат. 

Жабдыктардын алгачкы бөлүгү бүгүн Жалал-Абад шаарындагы билим берүү мекемелерине бөлүштүрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова катышты. Ал мектепте окуучуларга билим берүү менен катар коопсуздук чаралары да башкы орунда экенин белгиледи.