23

Март

2023

Жалал-Абадда “Жаштык” көк бөрү командасы салтанаттуу тосуп алынды

Бүгүн, 23-март күнү, Жалал-Абаддын кире бериш аркасында Нооруз майрамына арналган Көк бөрү боюнча республикалык мелдештин 1-лигасында жеңүүчү болгон “Жаштык” командасынын көк бөрүчүлөрү салтанаттуу тосуп алынды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик, меке-ишкана кызматкерлери жана спортчулардын жакындары катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл улуттук көк бөрү оюнун даңазалап, Жалал-Абад облусунун намысын коргогон спортчулардын жеңиши менен куттуктады. Мындан ары да көк бөрү спортун өнүктүрүүгө мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлөөрүн айтып, ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан бөлүнгөн 120 миң сом акча каражатын жана белектерди тапшырды.

Финалдык оюн 21-мартта Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өтүп, жалал-абаддыктар Бишкектин “Четинди” командасын 7:2 эсебинде утуп алган. Ага жалпы 37 команда катышкан.

Эске салсак, ушул жылдын 9-май күнү, Жалал-Абадда көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтөт.