10
Март
Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат
Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган 1160 кожолуктун көбү жер тилке алып, бирок көчө элек. Облустун Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондорунда жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларындагы жалпы 1 миң 160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү, сел каптоо коркунучу бар аймактарда күн өткөрүп келишүүдө.
Аталган үй-бүлөлөргө ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык ӨКБнүн офицердик курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү аракеттери жүрүүдө.
Мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып, бирок дагы да коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөр бар. Алдыда жергиликтүү бийликтер алардын документтерин чогултуп, сот органдарына өткөрүп берилээри маалымдалды.