03

Март

2023

Ала-Бука аймактык ооруканаларда алгачкы жолу лифт иштеп баштады

Жалал-Абад облусундагы аймактык ооруканалардын арасында алгачкы жолу Ала-Бука аймактык ооруканасында лифт иштеп баштады.

Ала-Бука аймактык ооруканасынын жетекчисинин орун басары Өмүралы Жээнтаевдин айтымында, оорукананын имараты курулганда лифттин иштөөсү эске алынган, бирок коюлган эмес.

"Ооруканага быйыл биринчи жолу лифт коюлду. Бул үчүн жалпы 2 миллион 400 миң сом акча каражаты кетти. Лифттин орду бар үчүн ишке киргизүү жакшы жолго коюлду. Өтө оор абалдагы бейтаптарды алып чыгууда бир топ эле жеңил болуп калды", - дейт ал.