13
Март
Жалал-Абадда өрт өчүрүү техникалары жаңыланды
Бүгүн, 13-март күнү, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө 16 даана "HOWO" жана 10 даан "KAMAZ" үлгүсүндөгү жаңы заманбап өрт өчүрүүчү техникалары тапшырылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусунун аймагындагы бардык өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн базалары жаңы техникалар менен камсыздалганын белгиледи. Бул аракет кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдардын санын азайтуу максатында ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, өткөн жылы облус аймагына 8 өрт өчүрүүчү унаалары алынган.