07

Март

2023

Жалал-Абадда Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Бүгүн, 8-март–Аялдардын эл аралык күнүн утурлай майрамдык салтанат өттү. 

Саамалыкка облустун район-шаарларынан келген 120 аял катышты. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, мамлекеттик кызмат жана башка бир катар тармактарда ийгилик жаратып келе жаткан айымдар, Баатыр энелер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, айымдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. 

"Аялзаты -эне, жашоо башаты, үйдүн куту! Урматтуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар! Жаркыраган жаздын жылуу илеби менен кошо келген майрам–аялзатынын мээримдүүлүгүн, назиктигин жана сулуулугун айгинелейт. 

Элибизде эзелтен кыз баласын дайыма төргө чыгарып, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп келген. Айымдар бар үчүн жергебизде балдардын күлкүсү угулуп, үй-бүлөбүз ырыскыга толуп турат. Кадырлуу айымдар! Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө амандык каалайм! Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин!"–деди, Абсаттар Сыргабаев.

Салтанатта Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын чыгармачыл жамааты тарабынан майрамдык концерт тартууланды. 

Жалал-Абад облусунда жалпы 1 млн. 282 миңден ашуун адам болуп, анын 49,6 пайызын аялдар түзөт. Облуста 9 миң 915 Баатыр эне, 3 миң 79 Эне даңкын алган көп балалуу аялдар бар.