29

Март

2023

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагына суу бургулоочу техника алынды

Атайын бургулоо иштерине алынган техниканын наркы 22 млн сомду түзүп, аны сатып алууга Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 15,4 млн сом жана Аксы райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми калган 5 млн сом республикалык бюджеттин эсебинен берилген. Жергиликтүү бюджеттен болсо 600 миң сом каралган.