25

Апрель

2023

Жалал-Абадда "Коопсуздук-2023" биргелешкен машыгуусу башталды

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жана Жалал-Абад шаарында Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары жана аскерлери (күчтөрү) жана башка аскердик түзүмдөр, министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу башталды.

Иш-чаранын расмий башталыш жыйынына Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев, "Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун жетекчиси Артур Темиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.

Облус башчысы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, мамлекеттик органдардын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын,

Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, резервдик түзүлүштөрдү тартуу менен алардын аскердик күжүрмөндүүлүгүн текшерүү, бекитилген атайын иш-чаралардын негизинде машыгуу иштери жүргүзүлөөрүн айтты. Ага катар бул машыгууда алынган практикалык көндүмдөр жаралган кырдаалда өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө салымын кошоорун белгиледи.

Машыгуунун жүрүшүндө резервдик түзүмдөрдү мобилизациялоо боюнча практикалык иш-чараларды аткаруу менен аскердик абал режимин киргизүү шартында абалды турукташтыруу, резервдик роталар менен күжүрмөн ок атууларды уюштуруу, ошондой эле сырттан келген күчтөрдүн жана каражаттардын басып кирүүсүн алдын алуу боюнча биргелешкен атайын операцияны жүргүзүү боюнча маселелер иштелип чыгат.

Машыгуу үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде аяктайт.