31

Март

2023

Жалал-Абадда өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу багытында ири форум өттү

Бүгүн, 31-мартта Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын уюштуруусунда "Балдар биздин келечегибиз, кылмыштуулукка жол жок" аталышындагы ири форум өттү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБнын начальниги Жеңишбек Абитов, облус прокурору Турусбек Ишеналиев, ички иштер органдарынын ардагерлери, жергиликтүү бийлик, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештеринин төрагалары, билим берүү бөлүмүнүн башчылары катышты. 

Алгач форум борбордук аянтта башталып, Жалал-Абад ОИИБнын район-шаарлардагы бөлүмдөрү тарабынан өспүрүмдөрдүн кылмыштууулугунун алдын алуу багытында жасалып жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Ага катар окуучулардын, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин катышуусундагы жөө жүрүш өттү. 

Облус башчысы өспүрүмдөрдүн катышуусундагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытындагы бир катар сунуш-пикирлерин билдирип, жүрүштүн катышуучуларына тура жүрүм-турум эрежелерин сактап, мыкты билим алып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон инсандардан болуусун каалады.

Форум облустук өкүлчүлүктүн жыйындар залында уланды. Анда облус башчысы Абсаттар Сыргабаев сөз сүйлөп, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы катталган кылмыштардын статистикалык маалыматтарын тактоо менен гана чектелбей, алдын алуу аракеттерин күчөтүүгө чакырды. Бул маселенин жаралуусунда милиция кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик, ата-энелердин жана жалпы коомчулуктун жоопкерчилиги чоң экенин эскертти.

Иш-чара бир катар суроо жана сунуштар менен улантылып, талкуулар жүрдү. Соңунда кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктардын, алдын алууга багытталган мыйзамдардын иштөөсүн күчөтүү, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгүн ар тараптуу колдоо багытындагы меморандум кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын эки ай ичинде жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын саны 18ди түшүп, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 15ке өскөн.