КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 101 токтому

Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнүндө

«Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти координациялаган ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

2. Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 854 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;»;

- 6-пунктта:

1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү - он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

«- кызыкчылыгы бар мамлекеттик, муниципалдык органдар жана коомдук бирикмелер менен бирдикте адамдарды сатуунун курмандыктарына убактылуу жашап туруу үчүн башпаанек уюштурат;

- Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатында мамлекеттик саясаттын негиздерин иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасынын аймагында адамдарды сатуунун масштабы, абалы жана тенденциясы тууралуу маалыматтарды жыйнайт жана талдайт;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин даярдоого катышат;

- Кыргыз Республикасынын адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жаранды аргасыз мигрант деп таануу жана бул статусту токтотуу тууралуу чечим кабыл алат;»;

2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

«- өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча атайын мекемелердин ишине жана өз функциясын аткаруусуна контроль жүргүзөт;»;

- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

 «- тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык органдын же коомдук бирикменин сунушу боюнча белгиленген тартипте адамдарды сатуунун курмандыктары убактылуу жашоо үчүн башпаанек жайын жана колдоого алуу, жардам берүү борборлорун түзүүгө.».

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор ушул токтомду бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырышсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

тиркеме