КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 512 токтому

Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарыларды категориялоо боюнча айрым маселелер жөнүндө

Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды жана анын кадимки ок-дарыларды категориялоонун тартибин белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-   Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды категориялоо боюнча жобо 1-тиркемеге ылайык;

-   Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралдын кадимки ок-дарыларын категориялоо боюнча жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилери өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                      С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу