КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-сентябрындагы № 507 токтому

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган тургундарына жана башка жакын жайгашкан айылдардын жер көчкү жүрүү коркунучу бар участокторунда жашаган тургундарына жер участокторун берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 45 токтомун көӊүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 35 га кайрак айдоо жери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясы:

-    жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин;

 -   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыздашсын; 

-   жогорку вольттуу электр берүү линияларын чыгаруу же куруу зарыл болгон учурда жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныкташсын;

-   жер иштерин жүргүзүүдө тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдеринин сакталышын камсыздашсын;

 -  ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыздашсын. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу