КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 464 токтому

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө

Чек ара тозотун жана чек ара пунктун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы №13-7/43 токтомун көӊүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жалпы аянты 0,72 га жер участогу, анын ичинде 0,30 га сугат айдоо жана 0,42 га көп жылдык бак-дарактар ээлеген жер Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагынын Чарбак айылында “Чарбак” чек ара тозотун жана Таян айылында “Таян” чек ара пунктун куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

-   жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

-   ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

-   ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

    3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

   4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу