КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын сапаттуу ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                  С.Ш.Жээнбеков