КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-сентябрындагы № 490 токтому

Жалал-Абад шаардык мэриянын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-статьяларына жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жалал-Абад  шаардык кеңешинин макулдугун көңүлгө алуу менен мамлекеттештирилген жана конфискацияланган мүлктөрдү эффективдүү пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду белгиленген тартипте аянты 33198,0 кв.м. жер участогун жана анда турган турак-жай эмес жайлар, дареги: Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү 8  жана көп батирлүү үй дареги: Жалал-Абад шаары, З. Жамашов көчөсү боюнча жайгашкан мүлктөрдү Жалал-Абад шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
  2. Жалал-Абад шаардык мэриясына сунушталсын:

-    ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;

-   ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттердин сакталуусун жана максаттуу багыты боюнча колдонуу, шаардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарын эсебинен каржылоону камсыздоо;

-    ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди белгиленген тартипте кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү.

   3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  4.  Ушул токтомдун 1-пункттун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, 2-пункт – уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                   С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу