Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
- 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- республикалык маанидеги шаарлардын (Бишкек жана Ош) шаардык каттамдарын - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары, ал эми башка шаарлардын шаардык каттамдарын - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары;»;
- 14-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- республикалык маанидеги шаарлардын (Бишкек жана Ош) шаардык каттамдарына - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары тарабынан, ал эми башка шаарлардын шаардык каттамдарын - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары тарабынан;»;
- 20-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«республикалык маанидеги шаарлардын (Бишкек жана Ош) шаардык каттамдары үчүн - шаарлардын мэриялары, ал эми башка шаарлардын шаардык каттамдары үчүн - транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары;»;
- 32-пункттун төртүнчү абзацы «жолдомо баракчасына» деген сөздөргө чейин «ушул Эрежелердин 20-тиркемесине ылайык форма боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
- 106-пункттун алтынчы абзацындагы «өрткө каршы таяныч» деген сөздөр «жылып кетүүгө каршы тирөөч» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 126-пункттун экинчи абзацы «сактоочу камера» деген сөздөрдөн кийин «, эне жана бала бөлмөсү» деген сөздөр менен толукталсын;
- Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 19-тиркемесинде:
- 1-пункт «(мындан ары - Жобо)» деген сөздөрдөн кийин «шаардык каттамдарда (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары),» деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункттун үчүнчү абзацы «өкүлүнүн аппаратынын» деген сөздөрдөн кийин «(шаардык каттамдарда – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү)» деген сөздөр менен толукталсын;
- 51-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«51. Конкурстун жыйынтыктары боюнча каттамдарды тейлөө жана ташуучуга бекитип берүү мөөнөттөрү 5 жылга белгиленет.»;
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 20-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 «Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерине:
- 9-пункттун он биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
«Жол баракчасы ушул Эрежелердин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.»;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 8-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков