Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде ар айдагы жөлөкпулду берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү иш-аракеттерди өбөлгөлөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2016-жылдын 1-сентябрынан 2017-жылдын 1-сентябрына чейин Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде ар айдагы жөлөкпулду берүү боюнча пилоттук долбоор жүзөгө ашырылсын.
2. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пилоттук долбоордун алкагында социалдык контракттын негизинде ар айдагы жөлөкпулду берүүнүн убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге:
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин окутуу боюнча иш-чараларды уюштурсун жана окутууну өткөрсүн;
- пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш, 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана 2017-жылдын 1-сентябрына чейин колдонулат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков