Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттарын бекитүү жөнүндө
Жалпы билим берүү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында окутуу методикаларын өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтүү штаттары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө”;
- жогоруда аталган токтомдун 17-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинде каралган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин каражаттарынын чегинде ишке ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы менен биргеликте (макулдашуу боюнча) билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин кызматкерлерин мамлекеттик жарандык кызматчылардын категориясына киргизүү маселесин иштеп чыксын жана иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2016-жылдын 1-декабрына чейин конкреттүү сунуштарды киргизсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
1-тиркеме
Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттары
Кызмат ордунун аталышы | Штаттык бирдиктердин санынын ченеми | |
11 | Методист | Тейленүүчү жалпы билим берүү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын 300 педагогикалык кызматкерине 1 штаттык бирдик |
Эскертүү.
- Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмүнүн (башкармалыгынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттин башчысынын кызмат орду ар бир уюмда билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмүнүн (башкармалыгынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттин методисттеринин жалпы санынын чегинде 1 бирдик менен белгиленет.
- Эгерде тейленүүчү жалпы билим берүү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында педагогикалык кызматкерлердин саны белгиленген ченемдерден көп же аз болсо, анда билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмүнүн (башкармалыгынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттин методисттеринин штаттык саны пропорционалдуу түрдө көбөйтүлөт же азайтылат. Мында билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмүнүн (башкармалыгынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттин методисттеринин штаттык санын эсептөө ке эселүү болгон бүтүн сандын жүздүк бөлүгүнүн маанисине чейин тегеректөө эрежеси боюнча жүргүзүлөт.
1-мисал. Райондун жалпы билим берүү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында 1303 педагогикалык кызматкер иштейт. Мындай учурда билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмүнүн (башкармалыгынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттин методисттеринин штаттык бирдиктеринин санын эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
=4,34=4,25 штаттык бирдик.
2-мисал. Шаардын жалпы билим берүү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында 879 педагогикалык кызматкер иштейт. Мындай учурда билим берүүнүн шаардык бөлүмүнүн (башкармалыгынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттин методисттеринин штаттык бирдиктеринин санын эсептөө төмөнкүчө жүргүзүлөт:
=2,93=3 штаттык бирдик.
- Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмүнүн (башкармалыгынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттин башчысынын кызмат ордун кошкондо, билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмүнүн (башкармалыгынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттин методисттеринин штаттык саны 3төн кем эмес жана 8ден көп эмес штаттык бирдикти түзөт.
- Кароолчунун штаттык бирдиги (өзүнчө имараты болгон учурда) дем алыш жана майрам күндөрдү эске алуу менен белгиленет. Эсептөө билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмүнүн (башкармалыгынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттин иштөө убактысын алып салуу менен, 1 бирдик – 1 нөөмөт менен жүргүзүлөт.
5. Кызматтык жайларды тазалоочунун жана от жагуучунун штаттык бирдиктери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 “Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык белгиленет.
2-тиркеме
“17-тиркеме
Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү
Кызматтык маяна айына, | сом | |
Кызмат ордунун аталышы | Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын алдындагы окуу-методикалык кабинеттер | Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинеттер |
Башчы | 6500 | 6000 |
Методист | 5000 | 5000 |
Эскертүү.
Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин методисти кызмат ордуна жогорку билимдүү жана 5 жылдан ашык педагогикалык стажы бар адам дайындалат.
”.