КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:

- 1.5-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-   1.9-пунктунда:

экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-  4.2 жана 4.5-пункттарындагы, 4.7-пунктунун экинчи абзацындагы, 6.7-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы, 9.4-пунктунун биринчи абзацындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги” деген сөздөр  тиешелүү жөндөмөдө “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:

-   11-пунктунда:

он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси кызмат ордуна талапкерди бекитет;”;

төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

“улуттук” деген статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө сунуштайт.”.

3.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө жободо:

-   2-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-   3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3.  ЖОЖдун жетекчисин шайлоого (белгиленген тартипте келишимдик-конкурстук негизде бул кызмат орундарын ээлеген мугалимдер, ассистенттер, окутуучулар, улук окутуучулар, доценттер, профессорлор, кафедра башчылары, бөлүмдөрдүн жана циклдердин башчылары, факультеттердин декандары) илимий кызматкерлер жана административдик-башкаруу персоналы (ЖОЖдун жетекчиси, проректорлор, ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (институттарынын, борборлорунун, колледждеринин, лицейлеринин, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүнүн) жетекчилери жана жетекчилеринин орун басарлары) ЖОЖдун башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн начальниктери жана   начальниктеринин орун басарлары) катышат.”;

-   14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“14.   “Шайлоо эки же андан ашык талапкерлердин катышуусу менен альтернативдик негизде өткөрүлөт.

Эгерде жалпы жыйналышта добуш берүү эки талапкер боюнча өткөрүлсө жана талапкерлердин эч кимиси добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан жогору добуш албаса, анда шайлоо өткөн жок деп эсептелет.

Эгерде жалпы жыйналышта добуш берүү үч жана андан ашык  талапкер боюнча өткөрүлсө жана талапкерлердин эч кимиси добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан жогору добуш алышпаса, анда кайра добуш берүү өткөрүлөт, ага эң көп сандагы добуш алышкан эки талапкер катышат. Кайрадан добуш берүү танаписи жок, ошол эле жалпы жыйналышта өткөрүлөт.

Эгерде жалпы жыйналышта үч же андан ашык талапкер бирдей сандагы добуш алышса, анда шайлоо өткөн жок деп эсептелет.

-     17 жана 18-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“17. Уюштуруу комитети бир күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына шайлоонун протоколунун түп нускасын жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан жогору добуш алган талапкердин документтерин жиберет.

18. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине “улуттук” деген статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси кызмат ордуна бекитүү үчүн шайлоонун жыйынтыгы боюнча добуштардын жалпы санынын элүү пайызынан жогору добуш алган талапкерге сунуштаманы жиберет.”;

- 19-пунктундагы “талапкерлерди” деген сөз “талапкерди” деген сөз менен алмаштырылсын.

4.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                          М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу