Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 «Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Пенсиялык камсыздоо системасын мындан ары өнүктүрүү, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруу компаниялары үчүн пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча кирешесин эсептөөнүн тартибин белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 «Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркеме
« 4-тиркеме
Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелери
1. Негизги жоболор
1. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) жана топтолмо пенсиялык фонддор (мындан ары - ТПФ) - Соцфонд, ТПФ менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компанияларга берилген пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону жана алардын жайгаштырылышын контролдоонун тартибин, ошондой эле пенсиялык топтолмо каражаттардын курамын жана түзүмүн түзүү боюнча талаптарды, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруу компанияларына пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча кирешесинин эсептеринин тартибин белгилейт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- пенсиялык активдердин шарттуу бирдиги - башкаруучу компания тарабынан аларды инвестициялык башкаруунун натыйжасында пенсиялык активдердин өзгөрүүсүн мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу жана ушул Эрежелерге ылайык эсептелүүчү ТПФ пенсиялык активдеринин салыштырма чоңдугу;
- таза пенсиялык активдер - пенсиялык активдерге таандык пенсиялык милдеттенмелерди эсептен чыгаруу менен ТПФ пенсиялык активдери (пенсиялык төлөмдөр, башка ТПФтерге которуулар боюнча милдеттенмелер жана башка мүмкүн болгон окшош милдеттенмелер).
3. Пенсиялык топтолмо каражаттар алардын өсүүсүн камсыздоо максатында гана жайгаштырылат.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону Соцфонд жана ТПФ менен түзүлгөн пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде башкаруу компаниясы жүзөгө ашырат.
5, Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башкаруу компаниясы жүзөгө ашырат.
6, Соцфонд жана ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу функцияларын пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруу келишимин түзгөн башкаруу компаниясына берет. Башкаруучу компания жана депозитарий инвестицияланган пенсиялык топтолмо каражаттардын жана активдердин сакталышы үчүн материалдык жана финансылык жоопкерчиликтерди тартат.
7. Пенсиялык топтолмолордун сакталышын жана башкаруучу компаниялардын төлөм жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында пенсиялык топтолмолорду инвестициялоо ачыктык, диверсификациялоо, ишенимдүүлүк жана кирешелүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырылат.
8. Соцфонд жана ТПФ бир же бир нече башкаруу компаниялары менен пенсиялык топтолмо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө укуктуу жана пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруу компанияларынын инвестицияланышына финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирге контроль жүргүзөт.
2. Фонддун пенсиялык активдеринин түзүмүн жана курамын түзүү боюнча талаптар
9. Пенсиялык топтолмолор төмөнкүдөй инвестициялык активдерге жайгаштырылышы мүмкүн:
а) мамлекеттик баалуу кагаздар - пенсиялык топтолмолордун наркынын 40 пайызынан кем эмес;
б) Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында жүгүртүлүүчү Кыргыз Республикасынын эмитенттерин камсыз кылуу менен облигациялар - пенсиялык топтолмонун наркынын 30 пайызынан ашпайт;
в) ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында листингден өткөн Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин акциялары - пенсиялык топтолмонун наркынын 40 пайызынан ашуун эмес;
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган, ипотекалык баалуу кагаздар жана турак жай сертификаттары - пенсиялык топтолмонун наркынын 15 пайызынан ашык эмес. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн ипотекалык жабуунун жана турак жай сертификаттарынын облигациялары ипотекалык баалуу кагаздар катары саналат;
д) финансы-кредиттик уюмдарынын депозиттери - пенсиялык топтолмонун наркынын 30 пайызынан ашык эмес.
Мында Кыргыз Республикасынын бир эмитентин камсыз кылуу менен облигацияга, Кыргыз Республикасынын бир эмитенти акцияга, Кыргыз Республикасынын бир эмитенти ипотекалык баалуу кагаздарга (турак жай сертификаттарына), бир кредит уюмунун депозиттерине ушул пункт менен уруксат берилген ар бир түрү боюнча пенсиялык топтолмолордун 10 пайыздан ашпаганын инвестициялоого уруксат берилет.
10, Пенсиялык топтолмолор фондулук биржалардын биринчи (жогорку) жана экинчи (жогоркудан кийинки) категориялары боюнча котировка тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин корпоративдик баалуу кагаздарына жайгаштырылышы же инвестицияланышы мүмкүн.
11. Оффшордук зоналарда катталган же акционерлер (катышуучулар) жана аффилирленген жактар катары оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактары бар, оффшордук зоналардын аймагында жашаган же оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп эсептелген юридикалык жактар пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компания боло албайт.
12. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоодо башкаруучу компаниялар төмөнкүлөргө жол бербейт:
а) пенсиялык топтолмолорго акысыз ээликтен;
б) пенсиялык топтолмолорду башкаруучу компаниянын башка активдери менен бириктирүүгө;
в) пенсиялык топтолмонун эсебинен кайтарылууга тийиш болгон акча каражаттарын же башка мүлктөрдү зайымдык келишимдин же кредиттик келишимдин шартында алууга;
г) пенсиялык топтолмонун эсебинен зайымдарды берүүгө;
д) пенсиялык топтолмону ишенимдүү башкаруу менен байланышпаган башкаруу компаниясынын өз милдеттенмелерин, пенсиялык топтолмо менен камсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган Соцфонддун же ТПФтин милдеттенмелерин, ошондой эле башка жактардын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн пенсиялык топтолмону пайдаланууга;
е) депозитарийдин макулдугусуз пенсиялык топтолмо каражаттарды тескөөгө (пенсиялык топтолмо каражаттарын түзгөн акча каражаттарын эсептен чыгаруу, которуу же банктык эсептен берүү жана пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо менен байланышкан бүтүмдөрдү жасоо, же мындай бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө тапшырманы брокерге берүү жөнүндө буйрук берүүгө).
Башкаруучу компаниянын берген өтүнмөлөрүнүн жана/же буйруктарынын мазмундарынын жана максаттарынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбестиги пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компаниянын тескөөсүнө депозитарийдин макулдук берүүдөн баш тартышына негиз болуп саналат.
13. Башкаруу компанияларынын акча каражаттары жайгаштырыла турган кредиттик уюмдары жана депозиттерге жайгаштырылган акча каражаттарын кошуп алганда, пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жүзөгө ашырган брокерлер депозитти коргоо системасынын кредиттик уюмдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бериши керек.
3. Пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү
14. Пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн башкаруу компаниясы ар бир инвестициялык портфелге өзүнчө банктык эсеп (эсептерди) ачууга милдеттүү.
15. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компаниянын ишин жүзөгө ашыруу менен байланышта жаралган башкаруу компаниясынын милдеттенмелеринен башка пенсиялык топтолмо каражаттарына жана пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдерге карата субъекттердин жана пенсиялык топтолмо каражатты түзүү жана инвестициялоо мамилелерине катышуучулардын милдеттенмелери өндүрүлүп алынбайт. Башкаруучу компания кудуретсиз (банкрот) деп таанылган учурда пенсиялык топтолмо каражаттар жана пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган, анын ишенимдүү башкаруусунда турган активдер жалпы жоюлууга киргизилбейт.
16. Топтолмо пенсиялык каражатты инвестициялоо жана түзүү боюнча мамилелердин субъекттери, топтолмо пенсиялык каражатты инвестициялоо процессине тартылган башка жактар топтолмо пенсия болуп эсептелбеген, топтолмо пенсиялык каражаттары менен операцияларды жүргүзүү үчүн өзүнчө банктык эсепке (эсептерге) акча каражаттарын которууга укуксуз.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияларга берүү
17. Пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияга берүүнү Соцфонд жана ТПФ «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» жана «Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат.
5. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун шарттары
18. «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык топтолмо пенсиялык каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук наркын, ошондой эле ишенимдүү башкарууда турган таза активдердин наркын белгиленген тартипте жана мөөнөттө башкаруучу компания эсептейт, мында башкаруучу компания коюлган милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун эки тараптуу келишимдерине ылайык жооп берет.
19. Соцфонд, ТПФ жана башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттардын бардык алгачкы документтеринин түп нускаларын, пенсиялык топтолмо каражаттарды тескөөнү иш жүзүнө ашырууга негиз болгон келишимдерди, аталган келишимдерге өзгөртүүлөрдү, аталган келишимдерди токтотууну ырастаган документтерди, ошондой эле финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын топтолмо пенсиялык каражаттарды жайгаштырууну контролдоодо аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу эскертүүлөрдү сактайт жана аталган документтердин көчүрмөлөрүн алар толтурулган же алынган датадан кийин 3 жумушчу күндөн кечиктирбей депозитарийге берет.
20. Соцфонд жана ТПФ пенсиялык топтомдорду ишенимдүү башкаруунун тиешелүү келишимин токтотуу жөнүндө кабарды ал токтотулган датага чейин 1 ай мурда депозитарийге берет.
21. Пенсиялык топтолмонун курамына жана/же түзүмүнө карата ушул Эрежелердин, башка ченемдик укуктук актылардын же пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминин талаптары төмөнкүдөй кесепеттерден улам бузулса:
- башкаруучу компаниянын аракетине көз каранды болбогон жагдайлардан, анын ичинде пенсиялык топтолмону түзгөн баалуу кагаздардын нарктарынын өзгөргөндүгүнөн улам болгон бузуу, аталган бузуу табылган же табылууга тийиш болгон күндөн тартып 3 айдын ичинде камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарына кыйла чоң даражада жооп бере тургандай деңгээлдеги чаралар менен четтетилүүгө тийиш;
- .башкаруучу компаниянын аракети же аракетсиздиги, мындай бузуу болгон күндөн тартып 1 айдын ичинде камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарына кыйла чоң даражада жооп бере тургандай деңгээлдеги чаралар менен четтетилүүгө тийиш.
22. Эгерде активдердин наркынын төмөндөө жана киреше деңгээлинин түшүп кетүү коркунучу өссө, Соцфонд жана ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттардын ликвиддүүлүк каражаттары жана кирешелүүлүгү үчүн аларды майнаптуу пайдаланууну камсыз кылуучу чараларды көрүү жөнүндө көрсөтмөнү башкаруучу компанияга жөнөтүүгө укуктуу.
6. Башкаруучу компаниялардын ишине коюлуучу талаптар
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобого ылайык аныкталуучу башкаруу компаниясынын өздүк капиталынын ченемдик көрсөткүчү (өлчөмү) пенсиянын топтолмо каражаттарын башкарууга катышуу үчүн 10 млн сомдон кем болбоого тийиш жана ал бардык башкаруу мезгилинин ичинде кармалып турууга тийиш.
24. Пенсиялык топтолмо каражатты ишенимдүү башкарууда Соцфонд жана ТПФ менен түзүлгөн пенсиянын топтолмо каражатын ишенимдүү башкаруу келишиминде аныкталган инвестициялык кирешенин минималдуу деңгээлин камсыздоо милдеттенмесин башкаруучу компания өзүнө алууга тийиш.
25. Акыркы кварталдын жыйынтыгы боюнча эсептегенде инвестициялык киреше минималдуу деңгээлден төмөн болсо башкаруучу компания жетпеген айырманы Соцфондго жана/же ТПФке төлөп берет.
26. Эгерде берилген пенсиялык топтолмо каражаттын наркы келишимди бузуудан мурдагы акыркы кварталдын жыйынтыгы боюнча акыркы бааланган активдердин рыноктук наркынан төмөн болуп калса, анда башкаруучу компания кайрып берүү учурундагы баалоого ылайык, иш жүзүндө түзүлгөн нарк менен активдердин наркынын ортосунда пайда болгон айырманы өзүнүн каражатынын эсебинен Соцфондго жана/же ТПФке төлөп берүүгө милдеттүү.
27. Ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурда, пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген, ишенимдүү башкарууда турган акча каражаттары аталган келишимдин колдонулушу токтотулган учурдан тартып 3 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө Соцфондго жана/же ТПФке өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген, ишенимдүү башкарууда турган башка активдер жана мүлктөр кыйла пайдалуу шарттарда сатылууга тийиш, кийин мүлктөрдү жана активдерди сатуудан түшкөн акча каражаттары Соцфондго жана/же ТПФке ушул Эрежелердин 28-пунктунда аныкталган тартипте берилет.
28. Пенсиялык топтолмо каражаттын курамына кирген активдер жана мүлктөр келишимдин колдонулушу токтотулган учурдан тартып, сатуудан түшкөн каражатты Соцфондго жана/же ТПФке берүү үчүн, 5 жумушчу күндүн ичинде рыноктон төмөн эмес баада сатылат. Эгерде пенсиялык топтолмо каражаттын курамына кирген активдер жана мүлктөр 5 жумушчу күндүн ичинде сатылбаса, башкаруучу компания кайтарып берүүдөн мурдагы күнү аныкталган активдердин жана мүлктөрдүн рыноктук наркын өзүнүн эсебинен Соцфондго жана/же ТПФке Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган таза активдердин учурдагы рыноктук наркына эсептеп чыгуу тартибине ылайык кайтарып берүүгө милдеттүү.
29. Ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган, бузулган учурда башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмо каражаттарды кайтарып бериши пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттөрдө, тараптардын тиешелүү актыларга кол коюулары менен коштолот.
30. Эгерде Соцфондго жана/же ТПФке берүү үчүн башкаруучу компанияда керектүү каражаттар жок болсо, башкаруучу компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жүргүзүүчү брокерлердин ишине коюлуучу талаптар
31. Брокердик уюм катары пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жасоого төмөнкү уюмдарга уруксат берилбейт:
- эгерде акыркы эки жылдын ичинде ага карата банкроттук жол-жобосу колдонулса же жокко чыгаруу жөнүндө санкция же болбосо баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна карата лицензиянын колдонулушу токтотулса;
- эгерде акыркы эки жылдын бир жылынын жыйынтыгы боюнча же акыркы отчёттук датага карата чыгашасы болсо;
- башкаруучу компаниянын аффилирленген жагы же болбосо анын аффилирленген жагынын аффилирленген жагы болсо, депозитарийдин аффилирленген жагы же болбосо анын аффилирленген жагынын аффилирленген жагы болсо.
32. Оффшордук зоналарда брокер катары катталган юридикалык жакка же оффшордук зоналарда акционер (катышуучу) жана аффилирленген жак катары юридикалык жактары бар зонанын аймагында жашаган жеке жакка жана оффшордук зоналарда катталган акционер (катышуучу) болуп саналган юридикалык жакка пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилбейт.
8. Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруу компанияларына топтолмо пенсиялык каражаттар боюнча кирешени эсептөөнүн тартиби
33. Башкаруучу компаниянын ишеним башкаруусунда турган топтолмо пенсиялык фонддордун пенсиялык активдеринин кирешелүүлүгү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелүүчү ТПФтин нак кирешесинин көрсөткүчү - нак кирешенин коэффициенти К2 менен мүнөздөлөт:
Сt
К2 (12, 36, 60) = (---------- -1) х 100, мында:
__
СО
__
Ct – ушул Эрежелердин 35-пунктуна ылайык эсептелген отчёттук календардык айда башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин орточо наркы;
__
Cо - ушул Эрежелердин 35-пунктуна ылайык эсептелген, он эки, отуз алты жана алтымыш ай мурда башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин орточо наркы.
34. Башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин кайсы бир айдагы орточо наркы ушул Эрежелердин 35-пунктуна ылайык эсептелген, бул айдын ар бир календардык күнүнүн аягына башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган, бул ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин наркынын орточо арифметикалык мааниси катары эсептелет.
35. Башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин тиешелүү бир күндүн бүтүшүндөгү наркы башкаруу компаниясы тарабынан төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ПАi
Сі = ---------, мында:
УЕi
Ci – башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин тиешелүү бир күндүн бүтүшүндөгү наркы;
ПАі – ушул Эрежелердин 36-пунктуна ылайык эсептелген, башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин таза пенсиялык активдеринин ошол күндүн бүтүшүнө карата учурдагы наркы;
УЕі - ушул Эрежелердин 37-пунктуна ылайык эсептелген, башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин шарттуу бирдигинин ошол күндүн бүтүшүнө карата жалпы саны.
36. Тиешелүү күндүн бүтүшүндө башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган, ТПФтин таза пенсиялык активдеринин учурдагы наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет (ушул Эрежелердин 8-главасында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен):
ПАі = ПА (і-1) + Bi + Ti + Ді + Иі + Пі1 + Пі2 - Hi1 - Ні2 - Кві, мында:
ПА (і-1) – өткөн календардык күн бүткөндө башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган, ТПФтин таза пенсиялык активдеринин учурдагы наркы;
Bi – ошол күнкө ТПФке келип түшкөн пенсиялык төгүмдөр;
Ti – ошол күнгө ТПФке башка ТПФтен которулган пенсиялык активдер;
Ді – ошол күнгө ТПФтин пенсиялык активдери боюнча кошуп эсептелген инвестициялык киреше;
Иі – ошол күндөгү ТПФтин инвестициялык эсебинде калган акча каражаттарынын калдыгы боюнча банк төлөгөн сыйакы (кызыкчылык);
Пі1 – ошол күнгө пенсиялык төгүмдөрдү өз убагында төлөп бербегендиги үчүн ТПФ алган туум;
Пі2 – ошол күнгө пенсиялык активдерди өз убагында инвестициялабагандыгы үчүн ТПФ алган туум;
Hi1 – ошол күнгө ТПФтен пенсиялык төлөмгө кошуп эсептөө, ТПФтен башка ТПФке которуулар жана ТПФтин инвестициялык эсебине туура түшпөгөн сумма боюнча милдеттенме (түшкөн күнү ТПФ жана аны тейлеген банк тарабынан туура эмес түштү деп таанылган суммадан тышкары финансылык инструментке жайгаштырылган эмес жана ТПФтин аманатчысынын/пенсиялык төлөмдү алуучунун жекече эсебине которулган эмес);
Ні2 – ошол күнгө такталганга чейинки которулган сумма;
КBi – ошол күнгө ТПФтен жана башкаруу компаниясынан которулган комиссиялык сыйакылар.
37. Башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин шарттуу бирдигинин ошол күндүн бүтүшүнө карата жалпы саны төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет (ушул Эрежелердин 38-пунктунда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен):
Bi + Ti + Пі1 - Hi1 - Hi2
УЕі = УЕ(і - 1) + -------------------------------, мында:
C(і - 1)
УЕ(і-1) – башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин шарттуу бирдигинин бул күндөн мурдагы акыркы календардык күндүн бүтүшүнө карата жалпы саны;
С(і-1) - аталган күндөн мурдагы акыркы календардык күндүн бүтүшүндө башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин шарттуу бирдигинин биринин наркы.
38. Башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусуна ТПФтин пенсиялык активдеринин баштапкы түшүүсүндө (ушул Эрежелердин 38-пунктунда белгиленгендерди кошпогондо) Сі, ПАі жана УЕі көрсөткүчтөрүнүн эсеби бул ТПФтин пенсиялык активдеринин башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган биринчи күндүн бүтүшүндө төмөнкүдөй маанилерге негизденип жүзөгө ашырылат :
C (і-l) – бир эсептик көрсөткүч;
ПА (і-1) - башкаруу компаниясы ишеним башкарууга кабыл алган ТПФтин таза пенсиялык активдеринин учурдагы наркы;
УЕ (і-1) - башкаруу компаниясы ишеним башкарууга кабыл алган ТПФтин таза пенсиялык активдеринин учурдагы наркын бир эсептик көрсөткүчкө бөлүүнүн жыйынтыгы.
39. ТПФтин пенсиялык активдерин бир башкаруу компаниясынан башка башкаруу компаниясына ишеним башкарууга берүүдө бул ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин наркынын эсеби үзгүлтүккө учурабайт жана анын пенсиялык активдерин ишеним башкарууга алган башкаруу компаниясы жүзөгө ашырууну улантат.
40. Башкаруу компаниясы акыркы он эки, отуз алты, алтымыш жана андан көбүрөөк айдын ичинде бул же башка башкаруу компаниясында же аталган ишеним башкарууда турган пенсиялык активдерге тиешеси бар ТПФке гана К2нак кирешенин коэффициенти эсептелет.
41. Башкаруу компаниясынын берген К2 нак кирешесинин коэффициентинин эсебинин негизинде финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Эрежелердин 42-пунктуна ылайык ай сайын эсептейт жана учурдагы айдын он бешинчи күнүнөн кечиктирбей төмөнкүлөрдүн маанисин расмий сайтта жарыялайт:
1) ушул Эрежелердин 40-пунктунун тиешелүү шарттарына тиешелүү бардык ТПФтер боюнча К2 нак кирешенин коэффициентинин;
2) ушул Эрежелердин 40-пунктунун шарттарына тиешелүү бардык ТПФ боюнча акыркы толук бүткөн он эки, отуз алты, алтымыш календардык айларда нак кирешенин орточо өлчөмүнүн коэффициентинин;
3) ушул Эрежелердин 42-пунктуна ылайык эсептелип оңдолгон нак кирешенин орточо өлчөмүнүн коэффициентинин.
42. Он эки, отуз алты жана алтымыш айда (К2 коэффициенти эсептелген мезгилдеги биринчи айдын биринчи календардык күндөгү абалы боюнча) ошол ишеним башкарууда же башка башкаруу компаниясында турган нак кирешенин орточо өлчөмүнүн коэффициенти таза пенсиялык активдердин учурдагы наркы боюнча эсептелип, ушул Эрежелердин 40-пунктунун шарттарына ылайык К2 коэффицентинин орточо өлчөмүнүн өсүшү катары бир эле мезгилге бардык ТПФтер боюнча каралат.
Нак кирешенин оңдолгон орточо коэффициенти алтымыш айдын ичинде (К2 коэффициентинин эсебин жүзөгө ашырган мезгилдеги биринчи айдын биринчи календардык күндөгү абалы боюнча) ошол ишеним башкарууда же башка башкаруу компаниясында турган нак кирешенин орточо өлчөмүнүн коэффициенти таза пенсиялык активдердин учурдагы наркы боюнча эсептелип, К2 коэффицентинин орточо өлчөмүнүн өсүшү катары бир жана ошол эле мезгилге бардык ТПФтер боюнча эсептелет, нак кирешенин коэффициентинин мааниси алтымыш айга аталган ишеним башкарууда же башка башкаруу компаниясында турган, таза пенсиялык активдердин учурдагы наркы боюнча эсептелген тиешелүү мезгилдеги нак кирешенин орточо өлчөмүнүн коэффициентинин маанисинен жүз отуз пайыздан ашпайт.
43. Нак кирешенин коэффициентинин минималдуу мааниси тиешелүү мезгилдеги нак кирешенин оңдолгон орточо коэффициентинин маанисинин жетимиш пайызын түзөт.
44. Кийинки отчеттук жылдын биринчи январына түшкөн нак кирешенин коэффициентинин минималдуу маанисинен аталган башкаруу компаниясында ишеним башкарууда турган пенсиялык активдер К2 нак кирешесинин коэффициентинин маанисинен тескери четтегенде ар бир ТПФтин өзүнчө башкаруу компаниясы аталган башкаруу компаниясында турган пенсиялык активдер К2 нак кирешесинин коэффициентинин маанисинин тескери четтегенинин ортосундагы айырманы ар бир ТПФке өзүнчө толтурат жана банкка тиешелүү суммадагы акча каражаты нак кирешенин минималдуу маанисиндеги коэффициентти ТПФтин банктык эсебине которуу жолу аркылуу берет, ал төмөнкүдөй формула аркылуу эсептелет:
S = (Сmin - Сt) * Yei, где: Сmin > Сt, мында:
S - пенсиялык активдери аталган башкаруучу компаниянын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин алдындагы К2 нак кирешесинин коэффициентинин ордун толтуруу боюнча милдеттенмесинин суммасы;
Cmin – эсептешүү датасына нак кирешенин коэффициентинин минималдуу маанисин аныктоо үчүн аталган башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин керектүү орточо наркы;
Ct – эсептешүү датасына карата башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин орточо наркы;
Yei – эсептешүү датасына карата башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин жалпы саны.
Сmin мааниси төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Сmin = (Кср * 70 % + 100) / 100 * Со, мында:
Кср – эсептешүү датасына жыйылган ТПФтин пенсиялык активдери боюнча нак кирешенин оңдолгон орточо өлчөмүнүн коэффициентинин мааниси;
Со – мурдагы эсептешүү датасынан алтымыш айдан кийин ТПФте болгон ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин орточо наркы.
45. Ушул Эрежелердин 44-пунктуна ылайык эсептелген сумма бул башкаруучу компанияда пенсиялык активдери ишеним башкарууда турган ТПФтин К2нак кирешесинин коэффициенти менен нак кирешенин коэффициентинин минималдуу маанисинин ортосундагы терс айырмачылыкты толуктоо жөнүндө башкаруу компаниясына ТПФ талап койгон күндөн он календардык күндүн аралыгында ТПФтин эсебине которулат.
46. Башкаруучу компания пенсиялык активдери аталган башкаруу компаниясынын ишеним башкаруусунда турган ар бир өзүнчө ТПФ боюнча К2 нак кирешесинин коэффициенти менен нак кирешенин коэффициентинин минималдуу маанисинин ортосундагы терс айырманы толуктоого сумма которулган күндөн кийинки күндүн ичинде аталган сумманын которулгандыгы жөнүндө банктын ырастоосу менен маалыматты финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
Ушул Эрежелердин 44, 45-пункттарында жана ушул пунктта белгиленген талаптар пенсиялык активдердин жана милдеттенмелердин маалыматтары кабыл алынган календардык жылдын аягына, ошондой эле пенсиялык активдерди жана милдеттенмелерди кабыл алган жылдан кийинки жылдын аягына, эгерде аларды берген учурдан баштап календардык жылдын аягына чейин тогуз айга жетпеген убакыт калса, ТПФтин ишин жүзөгө ашырууга лицензиядан айрылган ТПФтин пенсиялык активдерин жана милдеттенмелерин кабыл алган ТПФке карата пенсиялык активдерди ишеним башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруу компаниясына жайылтылбайт.
».
_______________________________________________________