Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 75 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков