Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Автотранспорт каражаттары үчүн цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин берүү тартибин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
– 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Автотранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуудан алынган пайданын 91 пайызы республикалык бюджетке которулууга тийиш экендиги, пайданын 9 пайызы цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын эсебине жибериле тургандыгы белгиленсин.»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерди сатуу жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «ачык аукцион», «аукцион» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «онлайн-аукцион» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3 жана 16-пункттарындагы «www.gosnomer.sciu.kg» деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта:
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«онлайн-аукцион – ыйгарым укуктуу органдын сайтында өткөрүлө турган жеке адамдарга цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу методу;»;
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«онлайн-аукциондун кадамы – онлайн-аукциондун жүрүшүндө старттык бааны жогорулата турган кошумча баа жана онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан жарыяланган ар бир кийинки баа;
катышуучу – ушул Жобо менен онлайн-аукционго катышуу үчүн аныктала турган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн жеке адам;»;
онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы;»;
- 5-пунктта «17» цифрасы «5» цифрасы менен алмаштырылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Онлайн-аукционду өткөрүү жөнүндө маалымат, каттоо тартиби жөнүндө колдонмо ыйгарым укуктуу органдын сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында аны өткөрүү датасына чейин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.»;
- 7-пунктта:
бешинчи абзацта «жер,» деген сөз алып салынсын;
алтынчы абзацта «билдирмелерди кабыл алуу» деген сөздөр «каттоо» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9 жана 10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Онлайн-аукциондо сатылуучу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары – жаран):
а) онлайн-аукционго катышуусун каттоо үчүн биринчи каттоо жол-жобосун аткарат, анын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органдын сайтында жеке кабинетти түзүү үчүн төмөнкү реквизиттерди киргизет:
- мобилдик телефонунун номерин;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын колдонулуудагы паспортунун сериясын жана номерин;
- ыйгарым укуктуу органдын сайтында жайгаштырылган каттоо тартиби жөнүндө колдонмого ылайык кошумча маалыматтарды;
б) цифралардын өзгөчө айкалышындагы жеткиликтүү номердик белгилердин тизмесинен каалаган лотун тандайт;
в) онлайн-аукционго катышуусун ыйгарым укуктуу органдын эсебине цифралардын каалаган айкалышы үчүн старттык баанын 10 пайызы өлчөмүндө кепилденген төгүмдү төлөө жолу менен ырастайт.
10. Онлайн-аукционго катышуу үчүн белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлбөгөн жана онлайн-аукциондо катышуусу ыйгарым укуктуу органдын эсебине цифралардын каалаган айкалышы үчүн старттык баанын 10 пайызы өлчөмүндө кепилденген төгүмдү төлөө жолу менен ырастабаган жаран онлайн-аукционго катышууга киргизилбейт.»;
- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-15-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Тизмектин 1 – 4-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерге онлайн-аукциондун кадамы 2000 (эки миң) сомду түзөт, Тизмектин 5-пунктунда көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерге 500 (беш жүз) сомду түзөт.
13. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү болуп, номердик белги үчүн башка катышуучу тарабынан 5 (беш) мүнөттүн ичинде жогорулатылбаган кыйла жогорку бааны берген катышуучу аныкталат.
14. Онлайн-аукциондун жыйынтыгы онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан автоматтык түрдө түзүлүүчү отчетто чагылдырылат.
Отчетто ошондой эле: онлайн-аукциондун жеңүүчүсү жөнүндө, мамлекеттик каттоо сериясын көрсөтүү менен цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер, номердик белгинин старттык жана акыркы баасы, катышуучулардын саны тууралуу, аукцион процессиндеги бардык катышуучулардын ырааттуу кадамдары жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
Онлайн-аукциондун жыйынтыгы жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын сайтында ал өткөрүлгөндөн кийинки күнү жайгаштырылат.
15. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү 3 жумушчу күндүн ичинде онлайн-аукциондун жүрүшүндө белгиленген номердик белги үчүн кыйла жогорку бааны, 10 пайыз болгон кепилдик төгүмдү төлөөнү чыгарып салуу менен төлөөгө милдеттүү.
Эгерде онлайн-аукциондун жеңүүчүсү номердик белги үчүн ушул Жободо белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, кепилденген төгүм кайтарылып берилбейт жана жеңүүчү болуп андан кийинки кыйла жогорку бааны сунуштаган кийинки катышуучу таанылат.
Бул катышуучу 3 жумушчу күндүн ичинде номердик белги үчүн ал өзү сунуштаган, онлайн-аукциондун жүрүшүндө белгиленген бааны, 10 пайыз болгон кепилдик төгүмдү чыгарып салуу менен төлөйт. Эгерде бул сумма көрсөтүлгөн убакыт ичинде төлөнбөсө, онлайн-аукцион болгон жок деп таанылат. Бул учурда ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын аныктайт.
Онлайн-аукциондо жеңүүчү болуп таанылбаган катышуучуларга төлөнгөн кепилдик төгүмү онлайн-аукцион аяктагандан кийинки 6 жумуш күндүн ичинде кайтарылып берилет.»;
- 17-пунктта «протокол» деген сөз «отчет» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«18. Онлайн-аукцион төмөнкү учурларда болгон жок деп таанылат:
- эгерде онлайн-аукцион башталгандан тартып 30 мүнөттүн ичинде старттык бааны онлайн-аукциондун катталган катышуучуларынын ичинен эч кимиси жогорулатпаса;
- эгерде бир гана катышуучу каттоодон өтсө.
Ушул пункттун биринчи бөлүгүндө каралган учурлар болгондо, ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын жарыялайт.
Онлайн-аукционду өткөрүүгө тоскоолдук кылуучу системадагы, электр тогун берүүлөрдөгү бузулуулар жана башка форс-мажордук жагдайлар болгон учурларда, ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын, бирок 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен аныктайт.
Ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукциондун катышуучусу тарабынан интернетке туташуулардагы бузулуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт.»;
- 19-пунктта «18-23» цифралары «6-8» цифралары менен алмаштырылсын;
- 21-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«21. Тизмектин 1-5-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер 3 айдын ичинде кайталап өткөрүлгөн онлайн-аукциондордун жыйынтыктары боюнча сатылбаган учурда, аларды сатуу онлайн-аукционду өткөрбөстөн, алардын баасын Тизмекте белгиленген старттык баадан 20 пайызга азайтуу менен жүргүзүлөт.
Эгерде Тизмектин 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер аларды сатууга алып чыккан күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде Тизмекте белгиленген баа боюнча сатылбаган учурда, аларды сатып алуу наркы 20 пайызга азайтылат.»;
- 22-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- Жобонун «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин тизмеги жана наркы» деген тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
«- автоунаа каражаттары үчүн цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номерлерин, ошондой эле ысымдуу номердик белгилерди сатуу;».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 «Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы.»;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Ысымдуу номердик белгини сатуу жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат.»;
- 5-пунктунун жетинчи абзацындагы «www.gosnomer.sciu.kg» деген сѳздѳр алып салынсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков