КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468 токтому

“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жөнүндө

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин статусун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 12-августундагы № 168 “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналган мемориал жөнүндө” Жарлыгын  көңүлгө алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси болуп кайра аталсын.

  1. “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын  20-августундагы № 568 “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинин 130-пунктунун “Эстеликтин аталышы” графасындагы “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси” деген сөздөр “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  24-майындагы № 239 “Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда “улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 29-пункт менен толукталсын:

“29. “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси.”.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  31-майындагы № 268 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2-тиркеменин Эскертүүсүнүн 6-пунктундагы  “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин” деген сөздөр “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- токтомдун аталышында, тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү  “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси”, “Коргоо министрлиги” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси”, “Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2017-жылга  республикалык бюджетте “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин кармоого каражат карасын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жерди эсепке алуу боюнча иш-кагаздарына  белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине укугун ырастоочу документтерди берсин.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

11. Ушул токтом 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                   С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу