КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-сентябрындагы № 472 токтому

2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: 2016-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Кытай тарапка билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             С.Ш. Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу