КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-сентябрындагы № 473 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын көңүлгө алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:

- 23-пункттун “Документтердин тизмеси” графасындагы “Айдоочунун Өздүк карточкасы”, “Айдоочунун окугандыгы тууралуу күбөлүгү” деген сөздөр алып салынсын.

   2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу