Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №123 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучуларын - жарандарды тандоо процессин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №123 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
2-пунктта:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- тандоонун критерийлери - Программага катышуу үчүн жарандарга карата талаптар;»;
- төртүнчү абзацтагы «жана» деген сөз «же» деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- турак жай маселеси боюнча комиссия – алдын ала тандоо жүргүзүү жана катышуучулардын тизмесин түзүү үчүн, Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында түзүлгөн комиссия;»;
жетинчи абзацтагы «турак жай сатып алуу максатында жарандарга берилүүчү» деген сөздөр «жарандарга турак жай сатып алууга же курууга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацтагы «турак жай сатып алуу максатында жарандарга» деген сөздөр «жарандарга» деген сөз менен алмаштырылсын;
4-пунктта:
- биринчи - үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Турак жай сатып алуу же куруу үчүн катышуучуларга коюлуучу талаптар:
- жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо;
- катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жеке турак жайынын жоктугу;»;
- төртүнчү абзац «Программага» деген сөздөн кийин «катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында» деген сөздөр менен толукталсын
- алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктта:
- биринчи абзацта «Комиссия» деген сөз «турак жай маселелери боюнча комиссия» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзац «көп балалуу үй-бүлөлөргө;» деген сөздөрдөн кийин «5 же андан көп балдары бар,» деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
6- 9 - пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 91жана 92-пункттар менен толукталсын:
«91. Катышуучулардын тизмесин түзүү үчүн шаарлардын мэриялары (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар турак жай маселелери боюнча комиссияларды түзүшөт жана жооптуу ыйгарым укуктуу кызмат адамдарды дайындашат.
92. Программага катышуу үчүн жарандар турак жай маселелери боюнча комиссия тарабынан кароо үчүн шаардын мэриясына (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), Бишкек шаарынын мэриясынын административдик район боюнча муниципалдык администрациясына же жашаган жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга анкета-арызды жана документтерди беришет.»;
10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Программага катышуу үчүн жарандар төмөнкү документтерди беришет:
- Программага катышууга анкета-арызды 3-тиркемеге ылайык;
- паспорттун көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасын);
- иш берүүчү күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
- нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасын);
- балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн (салыштыруу үчүн түп нускасын);
- акыркы 3 жылдын ичинде турак жай боюнча бүтүмдөрүнүн болушу (жоктугу) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (укукка ээ болуу маалымкаты).»;
4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
«111. Шаарлардын мэрияларынын (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынан 3-тиркемеге ылайык форма боюнча анкета-арыздарын жана документтерин кабыл алышат жана катышуучуларды эсепке алуу журналына катташат;
- ипотекалык кредит берүү шарттары боюнча жана катышуучуларды тандоо критерийлерине ылайык алдын ала консультацияларды өткөрүшөт;
- турак жай маселелери боюнча комиссиясында кароо үчүн Программанын катышуучуларынын өздүк көктөмөлөрүн түзүшөт;
- Программанын катышуучуларынын тизмесин түзүшөт.
Катышуучу тарабынан арыз берилген күн кайрылуу жана катышуучуларды эсепке алуу журналында арызды каттоо күнү болуп саналат.»;
12 жана 13-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана турак жай маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү катышуучулардын тизмесин талаптагыдай түзүү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
13. Шаарлардын мэриялары (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Убактылуу жобого ылайык катышуучулардын тизмесин түзүшөт, жалпылайт жана катышуучулардын тизмесин, анкета-арыздарын жана катышуучулардын паспортторунун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратына, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик район боюнча муниципалдык администрациялары Бишкек шаарынын мэриясына жалпы тизмени түзүү үчүн жөнөтөт.»;
14-пункттагы «катышуучулардын тизмесин жалпылайт жана аларды 5 иш күндүн ичинде МИКке жөнөтөт» деген сөздөр «катышуучулардын жалпы тизмелерин, анкета-арыздарын жана паспорттордун көчүрмөлөрүн Комиссия тарабынан белгиленген квотага ылайык МИКке жөнөтөт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:
«141. МИК шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тизмелерди талаптагыдай түзүшкөндүгү боюнча талдоону жана мониторингди жүргүзөт.»;
15 жана 16-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. МИК катышуучулардын тизмеси түшкөндөн кийин Комиссия белгилеген квотага ылайык катышуучулардын тизмесин топтойт жана түзөт.
16. Комиссия квоталарды облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча белгилейт.»;
17-пункттун үчүнчү абзацындагы «5 жана 6-пункттарына ылайык биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу укуктарга» деген сөздөр «5-пунктка ылайык биринчи кезектеги укуктарга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. МИК белгиленген квоталар менен катышуучулардын тизмесин Макулдашууга ылайык өнөктөш банктарга жөнөтөт.»;
- 20-пункттун биринчи абзацындагы «5 иш күндүн ичинде» деген сөздөр алып салынсын;
21-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Өнөктөш банктар МИКтен келип түшкөн катышуучулардын тизмесин карашат, Макулдашууда каралган мөөнөттүн ичинде документтердин толук пакети берилгенден жана катышуучунун төлөөгө жөндөмү талдоого алынгандан кийин ипотекалык кредит берүү же ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алышат.»;
4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:
«211. Катышуучулар МИКтин расмий сайтына тизмелер жайгаштырылган күндөн тартып бир жылдын ичинде ипотекалык кредиттин алкагында өнөктөш банктардын кароосу үчүн керектүү документтерди берүүгө укуктуу болушат, мында катышуучу өзүнүн арызын берген күн жөнүндө МИКти маалымдоого тийиш.»;
22 – 24-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
25-пункттагы «ипотекалык кредит алган» деген сөздөр «белгиленген жана өнөктөш банктарга жөнөтүлгөн квоталар менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-тиркемеде:
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
11 | Турак жайды камсыздандыруу | Ипотекалык кредиттин предмети болгон турак жай «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКта жыл сайын милдеттүү камсыздандырылууга тийиш. |
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
15 | Ипотекалык кредиттин баштапкы төгүмү (жеке салымы) жана пайыздык ставкалар | Ипотекалык кредит боюнча баштапкы төгүм жана пайыздык ставкалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. Катышуучунун жеке салымы жок болсо, өнөктөш-банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү коюуга, ошондой эле кепилдик фондунун каражаттарынан же бюджеттик уюмдар үчүн башка булактардан каралган кепилдик милдеттенмелерге жол берилет. |
- 16-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пункттун «Эскертүү» графасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Курулуш мезгилиндеги жер участогу жана курулуш аяктагандан кийин жеке турак үй»;
- 18-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункттун «Эскертүү» графасынын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-тиркеме:
- «Ипотекалык кредитке алынуучу турак жайга талаптар» графасынын 1-пунктундагы «көп батирлүү» деген сөздөргө чейин «Эмгек ишин жүзөгө ашырган жери боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
- «Ипотекалык кредитке алынуучу турак жайга талаптар» графасынын 5-пунктундагы «70» деген цифра «80» деген цифра менен алмаштырылсын;
ушул токтомдун тиркемесине ылайык 3-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
«Арзан турак жай 2015-2020» программасынын
катышуучуларын тандоонун тартиби
жөнүндө» убактылуу жобонун
3-тиркемеси
Форма
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
«Арзан турак-жай 2015-2020» программасына катышууга
анкета-арыз
___________________________________________
(жергиликтүү администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын аталаштары)
караштуу турак жай маселелери боюнча комиссияга
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучу катары менин талапкерлигимди карап чыгууну суранам.
Жеке маалыматтары | |||||||
Аты-жөнү (Катышуучунун) | |||||||
Күйөөсүнүн/ аялынын аты-жөнү (Катышуучунун) | |||||||
Паспорттогу маалыматтар | Серия __________ №________________ Берилген күнү _____________________ Берилди __________________________ ИНН_____________________________ | ||||||
Иш жүзүндө жашаган дареги | |||||||
Байланыш телефондору: | Үй тел. | Уюлдук тел. | |||||
Үй-бүлөнүн курамы | Балдар жана багууда турган адамдар (саны) | ||||||
Иши жөнүндө маалымат | |||||||
Иш берүүчүнүн аталышы | |||||||
Ээлеген кызмат орду | |||||||
Эмгек стажы | Жалпы эмгек стажы, жыл | Ушул уюмдагы стажы, жыл | |||||
Уюмдун дареги | Шаар/район _____________________ көч.______________________№_____, тел.___________________________ | ||||||
Айкалыштырган иши (иш берүүчүнүн аталышы, ээлеген кызмат орду) | |||||||
Мүлк жөнүндө маалымат | |||||||
Катышуучуда менчиктин (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн) болушу | |||||||
Катышуучунун күйөөсүндө/ аялында жана жашы жете элек балдарында менчиктин (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн) болушу | |||||||
Ипотекалык кредит жөнүндө маалымат | |||||||
Ипотекалык кредиттин максаттуу багыты | |||||||
Ипотекалык кредиттин суралып жаткан суммасы | |||||||
Эгерде Сиз ушул анкета-арызда өзүңүз жөнүндө көрсөтүлбөгөн кошумча маалыматты билдиргиңиз келсе, анда бул жерге кошумчалай аласыз: ________________________________________________________________
________________________________________________________________.
Ушуну менен берилген документтердин жана көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайм, ошондой эле жеке маалыматтарды текшерүүгө макулдугумду берем.
____________________________________________ (катышуучунун аты-жөнү) | _____________ (кол тамга) |
20____ -жылдын «____»-______________. |
Анкета-арызды жана берген документтерди, алардын туура толтурулушун текшердим жана кабыл алдым.
____________________________________________ (ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнү, кызматы) | _____________ (кол тамга) |
20____ -жылдын «____»-______________. |