КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 524 «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык чөлкөмдөр жана эркин бажы чөлкөмдөрүндөгү бажылык жол-жоболор маселелери боюнча макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 524 «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускамада:

- 1-пункттагы экинчи сүйлөм алып салынсын;

- 3-пункттун экинчи абзацындагы «Макулдашууга» деген сөз «2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык чөлкөмдөр жана эркин бажы чөлкөмдөрүндөгү бажылык жол-жоболор маселелери боюнча макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

17-пункт «коюлган товарлар» деген сөздөн кийин «Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдары жана» деген сөздөр менен толукталсын;

- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«19. «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жоболору аяктаган учурда, товарларды «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна койгон ЭЭЧнын субъекти гана товарлардын декларанты болуп эсептелет.»;

- 29-пункттун биринчи абзацындагы «ЭЭЧнын аймагында иш жүргүзүү тууралуу макулдашуунун» деген сөздөр «ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен түзүлгөн ЭЭЧнын аймагында ЭЭЧ субъектисинин иши жөнүндө келишимдин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«33. «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлган товарларга жана ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн товарларга карата «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосу колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:

1) аларды ЭЭЧнын аймагынан ташып чыгарууда жана бул товарларды «Транзит» бажы жол-жобосунан тышкары, Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка бажы жол-жоболоруна коюуда;

2) ЭЭЧ ишин токтоткондо:

3) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүнүн аймактарын жайгаштырууга коюлган талаптар жөнүндө жобонун ченемдери бузулганда.

Бул учурларда «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлган товарлар жана ушул ЭЭЧлардын аймактарында өндүрүлгөн товарлар төмөндө көрсөтүлгөн бажы жол-жоболорунун бирине коюлушу керек: ички керектөө үчүн чыгаруу; бажы кампасы; реэкспорт, бажы аймагындагы кайра иштетүү; ички керектөө үчүн кайра иштетүү; убактылуу ташып киргизүү (жол берүү); алымсыз соода; жок кылуу; мамлекеттин пайдасына баш тартуу.

ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташып чыгаруу аларды «Реимпорт» бажы жол-жобосуна коюу аркылуу жүргүзүлөт.

ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары же ата мекендик өндүрүштөгү товар деп таанылган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгаруу аларды «Экспорт» бажы жол-жобосуна коюу аркылуу жүргүзүлөт;

4) товарларды «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна койгон жак ЭЭЧнын субъекти статусун жоготкондо.

Бул учурларда «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлган товарлар бул жактар тарабынан ЭЭЧнын башка субъектисине өткөрүп берилиши же «Транзит» бажы жол-жобосунан тышкары, Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка бажы жол-жоболоруна коюлушу мүмкүн.

Товарларды ЭЭЧнын башка субъектисине өткөрүп берүүдө, товарлар өткөрүп берилген ЭЭЧнын субъектиси тарабынан товарга жаңы декларация толтуруу менен товарлар «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлууга тийиш.»;

- 36-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«ЭЭЧ өз ишин токтоткон же Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүнүн аймактарын ыңгайлаштырууга коюлуучу талаптар жөнүндө жобонун ченемдери бузулган учурда курулуш материалдарына карата «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосунун колдонулушу бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн алынган кыймылсыз мүлк объекттерин «Реимпорт» бажы жол-жобосуна коюу аркылуу токтотулат.».

- 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«38. Декларанттын чет өлкөлүк товарларга карата ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды төлөө боюнча милдети ЭЭЧнын аймагына товарларды ташып киргизүүдө бажы декларациясы берилген жана «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлган учурдан баштап пайда болот.

Декларанттын «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлган чет өлкөлүк товарларга карата ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды төлөө боюнча милдети төмөнкү учурларда токтотулат:

1) мындай товарларга карата ЭЭЧнын аймагынан аларды ташып чыгарууда жана мындай товарларды ушул Нускаманын 33-пунктунун бешинчи - жетинчи абзацтарында көрсөтүлгөн башка бажы жол-жоболоруна коюуда «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосунун колдонулушу токтогондо;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 80-беренесинин 2-пунктунда белгиленгенде.

Чет өлкөлүк товарларга же ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн товарларга карата, аларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып киргизүү учурунда, ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды төлөө мөөнөтү болуп - ЭЭЧнын аймагынан ташып чыгарылган күн саналат.»;

- 42-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосу аяктаганда бажы алымдарынын жана салыктардын төлөөчүсү болуп декларант эсептелет.»;

- 43-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Чет өлкөлүк товарлар боюнча тийиштүү бажы алымдарын эсептөөдө бажы алымдарынын ставкасы, товарлардын бажылык наркы, алардын сандык жана физикалык мүнөздөмөлөрү (саны, массасы, көлөмү же башка мүнөздөмөлөрү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү валюта курсу ушул товарларды «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюуда бажы декларациясы кабыл алынган күнгө карата аныкталат.»;

- 46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«46. ЭЭЧнын аймагында даярдалган товарларга жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларга карата, аларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташып чыгарууда, ошондой эле «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата кадимкидей шартта сактоодо же пайдаланууда табигый эскирүүнүн же табигый жоготуунун натыйжасында пайда болгон өзгөрүүлөрдү кошпогондо, өзгөртүлбөгөн абалда аларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып чыгарууда «Реимпорт» бажы жол-жобосу колдонулат, бажы алымдары жана КНС төлөнөт.

Мында эркин бажы чөлкөмүнүн бажы жол-жобосуна коюлган жана товарларды даярдоодо колдонулган товарларга карата ушул товарларды эркин бажы чөлкөмүнүн бажы жол-жобосуна коюлган күнгө карата аныкталган төлөм ставкасы, бажы наркы, сандык же/жана физикалык мүнөздөмөлөрү (саны, массасы, көлөмү же башка мүнөздөмөлөрү)  колдонулат.

«Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүндө аныкталган ЭЭЧнын субъекттери өндүргөн товарларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташып чыгарууда жана «Реимпорт» бажы жол-жобосуна коюуда ушул пункттун биринчи абзацында аныкталган шарттарга ылайык эсептелген бажы жыйымдары гана төлөнөт.

ЭЭЧнын аймагында даярдалган жана Евразия экономикалык бирлигинин товары катары таанылбаган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына чыгаруу аларды «Ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосуна коюу менен жүргүзүлөт жана бажы жыйымдары, бажы алымдары жана КНС төлөнөт. Мында төмөнкүдөй шарттар колдонулат:

- ЭЭЧнын аймагында даярдалган товарларда «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлган Чет өлкөлүк товарларды идентификациялоо шартында ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды эсептөө үчүн товарларды «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюу үчүн берилген бажы декларациясы бажы органы тарабынан катталган күнгө карата «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлган жана товарларды даярдоодо (алууда) пайдаланылган товарларга карата аныкталган ташып киргизүүдөгү бажы алымдарынын жана салыктардын ставкалары, бажы наркы, товарлардын саны жана (же) алардын накталай түрүндөгү физикалык мүнөздөмөсү (саны, салмагы, көлөмү же башка мүнөздөмөсү) колдонулат;

- ЭЭЧнын аймагында даярдалган товарларда «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлган Чет өлкөлүк товарлар идентификацияланбаган учурда ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды эсептөө үчүн товарларды ушул Нускаманын 33-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн бажы жол-жоболоруна коюу үчүн берилген бажы декларациясы бажы органы тарабынан катталган күнгө карата ЭЭЧнын аймагында даярдалган товарларга карата аныкталган ташып киргизүүдөгү бажы алымдарынын жана салыктардын ставкалары, бажы наркы, товарлардын саны жана (же) алардын накталай түрүндөгү физикалык мүнөздөмөсү (саны, салмагы, көлөмү же башка мүнөздөмөсү) колдонулат.»;

- 49 жана 50-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

Төмөнкүдөй мазмундагы 11-глава менен толукталсын:

«11. Товарларды ЭЭЧнын аймагына ташып киргизүүдө/ташып чыгарууда товарларга декларация толтуруунун өзгөчөлүктөрү

54. Товарларды ЭЭЧнын аймагына ташып киргизүү жана товарларды ЭЭЧнын аймагынан ташып чыгаруу товарларга декларация (мындан ары - ТД) тариздөө аркылуу жүргүзүлөт. ТД толтуруу ушул главада каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген Товарларга декларация толтуруу тартиби жөнүндө нускамага, ошондой эле Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 чечими менен бекитилген классификаторлорго ылайык жүргүзүлөт.

55. Товарларды ЭЭЧнын аймагына ташып киргизүүдө Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын «Декларация» деген 1-графасынын биринчи бөлүмчөсүндө «ИМ» (импорт) коду коюлат, экинчи бөлүмчөсүндө, «Эркин бажы чөлкөмү» - «78» бажы жол-жобосунун коду коюлат.

56. Товарларды ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына же Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетине ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын «Декларация» деген 1-графасынын биринчи бөлүмчөсүндө «ИМ» коду коюлат.

57. Чет өлкөлүк товарларын же ЭЭЧда өндүрүлгөн, бирок Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылбаган товарларды ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын же Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын «Декларация» деген 1-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө тандалган бажы жол-жобосунун коду коюлат. Мында төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү көрсөтүү зарыл:

1) чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен ЭЭЧда өндүрүлгөн, бажы органдары тарабынан чет өлкөлүк товарларды идентификациялоо жүргүзүлгөн, бирок Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылбаган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын «Жол-жобо» деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн «115» деген коду коюлат;

2) чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен ЭЭЧда өндүрүлгөн, бажы органдары тарабынан чет өлкөлүк товарлар идентификацияланбаган, бирок Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылбаган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын «Жол-жобо» деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн «116» деген коду коюлат.

ЭЭЧнын аймагында өндүрүштүк максаттар үчүн ЭЭЧнын субъекти колдонуучу жабдуу болуп эсептелген чет өлкөлүк товарды «Ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосуна коюуда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын «Жол-жобо» деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн «118» деген коду коюлат.

58. Евразия экономикалык бирлигинин товарын же ЭЭЧда өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын же Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетинин аймагына товарларды ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын «Декларация» деген 1-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө «Реимпорт» бажы жол-жобосунун «60» деген коду коюлат. Мында төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү көрсөтүү зарыл:

1) ЭЭЧнын аймагында жалаң гана чет өлкөлүк товардан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын «Жол-жобо» деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн «110» деген коду коюлат;

2) ЭЭЧда Евразия экономикалык бирлигинин, ошондой эле чет өлкөлүк товардан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын «Жол-жобо» деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн «111» деген коду коюлат;

3) ЭЭЧда Евразия экономикалык бирлигинин гана товарларынан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын «Жол-жобо» деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн «112» деген коду коюлат.

59. Евразия экономикалык бирлигинин товарларын, анын ичинде ЭЭЧда өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын «Декларация» деген 1-графасынын биринчи бөлүмчөсүндө «ЭК» (экспорт), экинчи бөлүмчөсүндө «Экспорт» бажы жол-жобосунун «10» деген коду коюлат. Мында төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү көрсөтүү зарыл:

1) ЭЭЧда жалаң гана Евразия экономикалык бирлигинин товарларынан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын «Жол-жобо» деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн «113» деген коду коюлат;

2) ЭЭЧда чет өлкөлүк товарларды пайдалануу менен өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын «Жол-жобо» деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн «114» деген коду коюлат.

60. Чет өлкөлүк товарларды, анын ичинде ЭЭЧда өндүрүлгөн, бирок Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылбаган товарларды ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын «Декларация» деген 1-графасынын биринчи бөлүмчөсүндө «ЭК», экинчи бөлүмчөсүндө «Реэкспорт» бажы жол-жобосунун «31» деген коду коюлат. Мында Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын «Жол-жобо» деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн «117» деген коду коюлат.

61. ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын же Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетинин аймагына товарларды ташып чыгарууда:

1) ТДнын «Жөнөтүүчү/Экспортчу» деген 2-графасы толтурулбайт;

2) ТДнын «Алуучу» деген 8-графасында товарды алуучу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Мында товардын алуучусу Кыргыз Республикасынын субъекти болуп эсептелсе, оң жагындагы үстүңкү бурчунда № деген белгиден кийин юридикалык жак жана жеке ишкерлер үчүн ОКПО коду коюлат, графанын астыңкы жагында юридикалык жак жана жеке ишкерлер үчүн ИНН коюлат, жеке жак үчүн - ПИН коюлат;

3) ТДнын «Финансылык жөнгө салуу үчүн жооптуу жак» деген 9-графасында ЭЭЧнын субъектиси жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт;

4) ТДнын «Жүк орундары жана товарлардын баяндалышы» деген 31-графадагы 11 деген номердин астына ташып чыгарылуучу товарларды өндүрүүдө колдонулган товарлар жөнүндө маалыматтар жана бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн зарылдыгына жараша товарлардын аталышы, мүнөздөмөлөрү жана параметри (саны жана ченөө бирдиги) көрсөтүлөт;

5) ТДнын «Жалпы декларация/буга чейинки документ» 40-графасында ЭЭЧда өндүрүлгөн товарлар үчүн ТДнын алдындагы номер көрсөтүлөт, ага ылайык өндүрүш үчүн колдонулган товарлар ТДнын алдындагы товардын номерин «/» белгиси аркылуу көрсөтүү менен «Эркин бажы чөлкөмү» бажы жол-жобосуна коюлат, андан кийин «/» белгиси аркылуу ТДнын алдындагы «Бажы наркы» деген 45-графасындагы товардын бажылык наркы, ТДнын алдындагы «Салмагы нетто (кг)» деген 38-графасындагы товардын нетто салмагы, өндүрүштө колдонулган товардын нетто салмагы, кошумча ченөө бирдигинде өндүрүштө колдонулган товардын саны, кошумча ченөө бирдигинин коду көрсөтүлөт. Эгерде өндүрүлгөн товарга карата идентификациялоо жүргүзүлбөсө жана бул товар «Ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосуна коюлса, анда 40-графада ТДнын алдындагы товардын номерин «/» белгиси аркылуу көрсөтүү менен буга чейинки ТД жөнүндөгү маалыматтар гана берилет;

6) ТДнын «Кошумча маалымат/Берилген документтер» деген 44-графада «08999» номеринин астында бажы органы идентификациялоо жүргүзгөн учурда товардын идентификациялоосун тастыктоочу документ жөнүндө маалымат көрсөтүлөт;

7) ТДнын «Төлөмдөрдү эсептөө» деген 47-графасында ушул Нускаманын 46-пунктунда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эсептелген бажы төлөмдөрү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.

62. ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары товарларды ташып чыгарууда:

1) ТДнын «Жөнөтүүчү/Экспортчу» деген 2-графасында товардын жөнөтүүчүсү болуп эсептелген ЭЭЧнын субъектиси жөнүндө маалыматтар, графанын үстүңкү жагында ОКПО коду, ал эми астыңкы жагында ИННдин коду көрсөтүлөт;

2) ТДнын «Алуучу» деген 8-графасында товардын алуучусу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт;

3) ТДнын «Финансылык жөнгө салууга жооптуу жак» деген 9-графасында ТДнын «Жөнөтүүчү/Экспортчу» деген 2-графасындагы ЭЭЧнын субъектиси жөнүндө маалымат көрсөтүлөт;

4) ТДнын «Жалпы декларация/буга чейинки документ» деген 40-графасында буга чейинки ТДнын маалыматтары, ТДнын алдындагы товардын номери «/» белгиси аркылуу көрсөтүлөт.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу