КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-февралындагы № 84 токтому

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Токой фондунун жерлери» категорияларынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2017-жылы жер көчкүдөн жана селден жабыркаган жарандарды көчүрүү, ошондой эле тургундардын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 48 токтомун жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 26-январындагы № 13-т токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчикте турган  № 8, 9, 10, 16, 19, 21, 27 кварталдарындагы жалпы аянты 33,6 га кайрак айдоо участогу жеке турак үйлөрдү куруу үчүн «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерлерди эсепке алуу документтерин тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу