КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 453 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченемдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

3-пунктундагы “Юстиция министрлигине” деген сөздөр “Өкмөтүнүн Аппаратына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтомдун “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин курамы” деген тиркемесинде:

экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана тѳртүнчү абзацтар менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;»;

жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;”;

төмөнкүдүй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:

“Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

10-пунктундагы “улуттук коопсуздук, коргонуу жана укуктук тартип маселелерин тейлеген” деген сөздөр алып салынсын;

11-пунктунда “эки” деген сөз “үч” деген сөз менен алмаштырылсын;

26-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;

28-пунктунун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Координациялык кеңештин жыйындарынын протоколдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялоо;”.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу