2016-жылдын 22-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында газдын, мунайдын жана мунай продуктуларынын индикативдик (болжолдуу) баланстарын түзүү методологиясы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- 2016-жылдын 22-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында газдын, мунайдын жана мунай продуктуларынын индикативдик (болжолдуу) баланстарын түзүү методологиясы жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына билдирсин.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков