Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
“Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобонун 6-пунктунун “а)” пунктчасынын үчүнчү абзацы “камсыздандыруу” деген сөздөн кийин “, курорттук иш” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков