Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 21 -пункт менен толукталсын:
«21. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселүүлүк коэффициенти 1.8 өлчөмүндө белгиленсин.».
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды эске алсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков