Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Эл аралык спорт аренасында Кыргыз Республикасынын беделин жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасында өтүүчү ири масштабдагы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларга катышуучу спорттук делегация мүчөлөрү, аларды коштоп жүрүүчү адамдар жана эл аралык спорт уюмдарынын расмий жактары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жеке жактар белгиленген мөөнөткө иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.";
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-пунктча менен толукталсын:
"11-1) ири масштабдагы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына жиберилген спорттук делегация мүчөлөрүнө, аларды коштоп жүрүүчү адамдарга жана эл аралык спорт уюмдарынын расмий жактарына ушул иш-чаралар өткөрүлгөн мөөнөткө визаны тариздөөдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |