КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 439 токтому

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 Мугалимдердин кесиптик өсүшүн өбөлгөлөө, жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин квалификациялык категорияларына коюлуучу талаптарды бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
  3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу