КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 436 токтому

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

-  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожолдору” мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине кайра уюштуруу жөнүндө” токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 364 “Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы № 659 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 466 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт тармагындагы ишин оптималдаштыруу жөнүндө” токтомунун 4-пункту;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 456 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Транском” мамлекеттик ишканасы жөнүндө” токтомунун 4-пункту;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 11-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 173 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти жөнүндөгү жобону жана башкаруу схемасын бекитүү тууралуу” токтомунун 3-пункту.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

  4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу