2016-2020-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча программаны (3-фаза) бекитүү жөнүндө
Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна тийиштүү Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында, "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2016-2020-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча программа (3-фаза) (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- Программаны ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссияны түзсүн;
- Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жыл сайын, 1-апрелден кечиктирбестен берип турсун.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 263 "Озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программа жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 374 "Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө" токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |