КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы № 430 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегинде) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде): 4-главасынын 64-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 461-пункт менен толукталсын: “

461Жаратылыш сууларын, ылайды, чополорду, туздуу породаларды дарылоо катары пайдалануу ыкмаларын аныктоо үчүн физикалык-химиялык жана органолептикалык изилдөө

СМ

СМ

Акы төлөнөт

“.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.   

Премьер-министр                                                                С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу