2016-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө
Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын кошпогондо), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды жабууга төмөнкүдөй атайын каражаттарды (демөөрчүлүк, гуманитардык жардам жана максаттуу багыттагы гранттар түрүндө түшүүчү каражаттарды кошпогондо) жумшашсын:
2016-жылдын башталышына карата өтмө калдыктарды;
2016-жылы кварталдык пландан ашыкча түшүүлөрдү; учурдагы сметалык багыттоолорду;
- бюджеттин учурдагы айырмасын жабууга чыгымдарды оптималдаштыруунун эсебинен бошотулган бюджеттик каражаттарды кайра багытташсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө сметалык багыттоолорго тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды жабууга төмөнкүдөй атайын каражаттарды (демөөрчүлүк, гуманитардык жардам жана максаттуу багыттагы гранттар түрүндө түшүүчү каражаттарды кошпогондо) жумшоо сунушталсын:
2016-жылдын башталышына карата өтмө калдыктарды;
2016-жылы кварталдык пландан ашыкча түшүүлөрдү; учурдагы сметалык багыттоолорду.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2016-жылдын аягына чейин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоону жүргүзсүн;
- “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтомдун 1-пунктун тийиштүү түрдө аткарууга жеке жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков